Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayah #102 Translated in Kyrgyz

وَاتَّبَعُوا مَا تَتْلُو الشَّيَاطِينُ عَلَىٰ مُلْكِ سُلَيْمَانَ ۖ وَمَا كَفَرَ سُلَيْمَانُ وَلَٰكِنَّ الشَّيَاطِينَ كَفَرُوا يُعَلِّمُونَ النَّاسَ السِّحْرَ وَمَا أُنْزِلَ عَلَى الْمَلَكَيْنِ بِبَابِلَ هَارُوتَ وَمَارُوتَ ۚ وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنْ أَحَدٍ حَتَّىٰ يَقُولَا إِنَّمَا نَحْنُ فِتْنَةٌ فَلَا تَكْفُرْ ۖ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنْهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِ بَيْنَ الْمَرْءِ وَزَوْجِهِ ۚ وَمَا هُمْ بِضَارِّينَ بِهِ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۚ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنْفَعُهُمْ ۚ وَلَقَدْ عَلِمُوا لَمَنِ اشْتَرَاهُ مَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ مِنْ خَلَاقٍ ۚ وَلَبِئْسَ مَا شَرَوْا بِهِ أَنْفُسَهُمْ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
Сулайман(пайгамбар)дын падышалык доорунда шайтандар үйрөткөн нерселерге (сыйкырга) ээрчип калышты.! Сулайман каапыр (сыйкырчы) болгон эмес, бирок, адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан. Жана Вавилондогу Хаарут жана Маарут (деген) эки периштеге түшүрүлгөн нерсеге (сыйкырга ээрчип калышты.) Ал экөө “Биз фитна (адамдарды сыноо үчүн жиберилгендер) болобуз (сыйкырды үйрөнүп) каапыр болуп калбагыла” деп (насаат) айтпай туруп эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Ошентсе да, (яхудийлер) алардан эрди-катындын арасын ажырата турган нерселерди үйрөнүшөт. Алар (сыйкырды үйрөнгөн яхудийлер) Аллаһтын уруксаты болмоюнча, аны менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Жана алар пайдалуу нерсени эмес, өздөрүнө зыян жеткире турган нерселерди үйрөнүштү. Алар, (яхудийлер) аны (сыйкырды) сатып алгандар үчүн Акыретте насип жок экенин билишет болчу. Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана

Choose other languages: