Surah Al-Baqara Ayahs #185 Translated in Kyrgyz
فَمَنْ بَدَّلَهُ بَعْدَمَا سَمِعَهُ فَإِنَّمَا إِثْمُهُ عَلَى الَّذِينَ يُبَدِّلُونَهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Ким ушул керээзди уккандан (түшүнгөндөн) соң (аны) алмаштырып койсо, мунун күнөөсү алмаштырып койгондордун мойнунда! Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
فَمَنْ خَافَ مِنْ مُوصٍ جَنَفًا أَوْ إِثْمًا فَأَصْلَحَ بَيْنَهُمْ فَلَا إِثْمَ عَلَيْهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эми, кимде-ким осуят кылуучунун билип же билбей күнөө кылуусунан корксо, алардын арасын оңдоп койсун. (Ошондо) ага күнөө болбойт. Аллаһ — Кечиримдүү, Мээримдүү
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ
О, ыйман келтиргендер! Силерден мурунку элдерге парыз кылынганы сыяктуу, силерге да орозо кармоо парыз кылынды. Такыбаа болушуңар үчүн
أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ ۚ فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۚ وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ ۖ فَمَنْ تَطَوَّعَ خَيْرًا فَهُوَ خَيْرٌ لَهُ ۚ وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ ۖ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ
(Парыз орозо) эсептүү күндөр(дө гана тутулат). Силерден кимиңер оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (кармап берет). Орозо кармаганга чыдаган (бирок, кыйналганы себептүү кармабаган) адамдарга (ар бир күн эсебине) бир жакыр адамды тойгозуу — фидья. Ким ашыгыраак адамды тойгузса, өзүнө жакшы. Бирок, орозо кармаганыңар (фидья төлөөдөн) жакшы, эгер билсеңер
شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ ۚ فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمُ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ ۖ وَمَنْ كَانَ مَرِيضًا أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ ۗ يُرِيدُ اللَّهُ بِكُمُ الْيُسْرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ الْعُسْرَ وَلِتُكْمِلُوا الْعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُوا اللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَاكُمْ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр — бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят — туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө — орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаһ силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаһты даңазалашыңар үчүн жана Аллаһка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
