Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Baqara Ayah #233 Translated in Kyrgyz

وَالْوَالِدَاتُ يُرْضِعْنَ أَوْلَادَهُنَّ حَوْلَيْنِ كَامِلَيْنِ ۖ لِمَنْ أَرَادَ أَنْ يُتِمَّ الرَّضَاعَةَ ۚ وَعَلَى الْمَوْلُودِ لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ ۚ لَا تُكَلَّفُ نَفْسٌ إِلَّا وُسْعَهَا ۚ لَا تُضَارَّ وَالِدَةٌ بِوَلَدِهَا وَلَا مَوْلُودٌ لَهُ بِوَلَدِهِ ۚ وَعَلَى الْوَارِثِ مِثْلُ ذَٰلِكَ ۗ فَإِنْ أَرَادَا فِصَالًا عَنْ تَرَاضٍ مِنْهُمَا وَتَشَاوُرٍ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْهِمَا ۗ وَإِنْ أَرَدْتُمْ أَنْ تَسْتَرْضِعُوا أَوْلَادَكُمْ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ إِذَا سَلَّمْتُمْ مَا آتَيْتُمْ بِالْمَعْرُوفِ ۗ وَاتَّقُوا اللَّهَ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Жана энелер бөбөктөрүн эки жыл толук эмизишет. (Бул өкүм) эмизүүнү толук кылууну каалагандар үчүн. Аларды (энелерди) жакшынакай жедирип-ичирүү жана кийинтүү - атанын мойнунда. (Бирок,) эч бир жан күчү жетпеген ишке мажбур кылынбайт. Эне дагы, ата дагы перзенти себептүү зыян тартпаш керек. Мураскордун мойнунда ушундай милдет бар. Эгер эрди-катын өз ара кеңеш менен, бири- биринин ыраазычылыгын алып, (баланы эмчектен) ажыратууну каалашса — аларга күнөө жок. Жана силер (О, жубайлар) өз бөбөгүңөргө (башка бир) эмизүүчү болушун кааласаңар — эгерде анын акысын жакшылык менен толук төлөп турсаңар — силерге күнөө болбойт. Силер Аллаһтан корккула жана билип койгула: Аллаһ силердин (бардык) ишиңерди Көрүүчү

Choose other languages: