Quran Apps in many lanuages:

Surah Al-Humaza Translated in Kyrgyz

وَيْلٌ لِكُلِّ هُمَزَةٍ لُمَزَةٍ
Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсун
الَّذِي جَمَعَ مَالًا وَعَدَّدَهُ
Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептеди
يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُ أَخْلَدَهُ
Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойт
كَلَّا ۖ لَيُنْبَذَنَّ فِي الْحُطَمَةِ
Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталат
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحُطَمَةُ
(О, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиң
نَارُ اللَّهِ الْمُوقَدَةُ
(Ал) Аллаһтын алоолонгон тозогу
الَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى الْأَفْئِدَةِ
(Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турган
إِنَّهَا عَلَيْهِمْ مُؤْصَدَةٌ
Чынында, (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлган
فِي عَمَدٍ مُمَدَّدَةٍ
(Эшиктери) узун чынжырлар менен (бекемделген)