Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Takathur Translated in Kyrgyz

أَلْهَاكُمُ التَّكَاثُرُ
(Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду
حَتَّىٰ زُرْتُمُ الْمَقَابِرَ
Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин
كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ
Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар
ثُمَّ كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ
Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сурак учурунда) билип аласыңар
كَلَّا لَوْ تَعْلَمُونَ عِلْمَ الْيَقِينِ
Жок-жок, эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер)
لَتَرَوُنَّ الْجَحِيمَ
(Эми) тозокту көрүшүңөр анык
ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيْنَ الْيَقِينِ
Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр
ثُمَّ لَتُسْأَلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنِ النَّعِيمِ
Андан соң, ошол күнү (Аллаһ тарабынан аманатка берилген) нээматтар (өмүр, мал-дүйнө, бала-чака) жөнүндө албетте сураласыңар