Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #100 Translated in Kyrgyz

يَحْلِفُونَ لَكُمْ لِتَرْضَوْا عَنْهُمْ ۖ فَإِنْ تَرْضَوْا عَنْهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ لَا يَرْضَىٰ عَنِ الْقَوْمِ الْفَاسِقِينَ
(Көңүлүңөргө карап) алардан ыраазы болушуңар үчүн ант ичишет. Эгер силер ыраазы болсоңор да, Аллаһ бузуку адамдардан ыраазы болбойт
الْأَعْرَابُ أَشَدُّ كُفْرًا وَنِفَاقًا وَأَجْدَرُ أَلَّا يَعْلَمُوا حُدُودَ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
(Шаардан сыртта жашаган) бедуиндер (Дин-Шариятты жакшы билбегени себептүү) каапырчылык жана мунафыктык жаатынан катуураак жана Аллаһ Өз пайгамбарына түшүргөн нерсенин (диндин) чегараларын билбегенге ылайыгыраак болушат. Аллаһ — Билүүчү, Даанышман
وَمِنَ الْأَعْرَابِ مَنْ يَتَّخِذُ مَا يُنْفِقُ مَغْرَمًا وَيَتَرَبَّصُ بِكُمُ الدَّوَائِرَ ۚ عَلَيْهِمْ دَائِرَةُ السَّوْءِ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Бедуиндердин арасында (Аллаһ жолунда) садака кылган нерсесин (өзүнө) зыян деп билген жана силердин башыңарга оор күндөрдүн түшүүсүнө ынтызар болуп тургандары да бар. Өздөрүнүн башына балээ түшүп калсын! Аллаһ — Угуучу, Билүүчү
وَمِنَ الْأَعْرَابِ مَنْ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ وَيَتَّخِذُ مَا يُنْفِقُ قُرُبَاتٍ عِنْدَ اللَّهِ وَصَلَوَاتِ الرَّسُولِ ۚ أَلَا إِنَّهَا قُرْبَةٌ لَهُمْ ۚ سَيُدْخِلُهُمُ اللَّهُ فِي رَحْمَتِهِ ۗ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Жана бедуиндер арасында, Аллаһка, Акырет күнүнө ишенип, садака кылган нерселерин Аллаһка жакын болуу жана пайгамбардын бата-дубасына себеп деп билгендери да бар. Уккула, албетте, ал (пайгамбардын дубасы) алар үчүн Аллаһка жакындашуу(суна себеп болот). Аллаһ жакында аларды Өз ырайымына киргизет. Аллаһ — Кечирүүчү, Ырайымдуу
وَالسَّابِقُونَ الْأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۚ ذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ
Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллаһ ыраазы болду, алар дагы Аллаһтан ыраазы болушту. Жана Аллаһ аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу Бейиштерди даярдап койду. Бул — чоң жеңиш

Choose other languages: