Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zalzala Translated in Kyrgyz

إِذَا زُلْزِلَتِ الْأَرْضُ زِلْزَالَهَا
Жер катуу титирегенде
وَأَخْرَجَتِ الْأَرْضُ أَثْقَالَهَا
жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда
وَقَالَ الْإِنْسَانُ مَا لَهَا
Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт
يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا
Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт
بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَىٰ لَهَا
Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.”
يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ النَّاسُ أَشْتَاتًا لِيُرَوْا أَعْمَالَهُمْ
Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет
فَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ
Жана ким кыпын салмагындай* жакшылык кылган болсо — аны көрөт
وَمَنْ يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ
жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо — ошону көрөт