Surah Fatir Translated in Kyrgyz
الْحَمْدُ لِلَّهِ فَاطِرِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ جَاعِلِ الْمَلَائِكَةِ رُسُلًا أُولِي أَجْنِحَةٍ مَثْنَىٰ وَثُلَاثَ وَرُبَاعَ ۚ يَزِيدُ فِي الْخَلْقِ مَا يَشَاءُ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Бардык мактоо-даңазалар асмандар жана жердин жаратуучусу Аллаһка таандык (Ал) периштелерди эки, үч, төрт канаттуу элчилер кылып жаратты.? Аллаһ (Өзү жараткан) макулуктарда Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Чынында, Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү
مَا يَفْتَحِ اللَّهُ لِلنَّاسِ مِنْ رَحْمَةٍ فَلَا مُمْسِكَ لَهَا ۖ وَمَا يُمْسِكْ فَلَا مُرْسِلَ لَهُ مِنْ بَعْدِهِ ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Аллаһадамдар үчүн ачып койгон ырайымды эч ким кармап кала албайт. (Ошондой эле) Аллаһ кармап калган нерсени, Андан кийин эч ким жибере албайт. Ал Кудуреттүү, Даанышман
يَا أَيُّهَا النَّاسُ اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ هَلْ مِنْ خَالِقٍ غَيْرُ اللَّهِ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
О,адамдар! Аллаһтын берген нээматын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллаһтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар
وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
(О, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллаһка кайтат
يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا ۖ وَلَا يَغُرَّنَّكُمْ بِاللَّهِ الْغَرُورُ
О,адамдар Албетте, Аллаһтын убадасы акыйкат. Силерди дүйнө(нүн кооз-жылтырак) жашоосу азгырып койбосун! Дагы силерди жалганчы (шайтан)! Аллахтан азгырбасын
إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمْ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوهُ عَدُوًّا ۚ إِنَّمَا يَدْعُو حِزْبَهُ لِيَكُونُوا مِنْ أَصْحَابِ السَّعِيرِ
Чынында, шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны (дайым) душман туткула! Чынында ал өзү(нө ээрчиген) жамаатты тозок элдеринен болууга чакырат
الَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۖ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ
Каапыр адамдар үчүн (Кыяматта) катуу азап бар. Ал эми, ыйман келтирип, салих амалдарды жасагандарга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар
أَفَمَنْ زُيِّنَ لَهُ سُوءُ عَمَلِهِ فَرَآهُ حَسَنًا ۖ فَإِنَّ اللَّهَ يُضِلُّ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي مَنْ يَشَاءُ ۖ فَلَا تَذْهَبْ نَفْسُكَ عَلَيْهِمْ حَسَرَاتٍ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ بِمَا يَصْنَعُونَ
(Айткылачы, күнөө) ишинин жамандыгы өзүнө кооз көргөзүлгөн соң, аны жакшы иш деп эсептеген киши (Аллаһ Туура Жолго баштаган киши сыяктуу) боло алабы? Аллаһ каалаган адамын (ушинтип) адаштырат, каалаганын Туура Жолго баштайт. (О, Мухаммад!) Жаның алар (мушриктер) үчүн кайгы чекпей эле койсун! Албетте, Аллаһ алар эмне кылып жатканын жакшы Билүүчү
وَاللَّهُ الَّذِي أَرْسَلَ الرِّيَاحَ فَتُثِيرُ سَحَابًا فَسُقْنَاهُ إِلَىٰ بَلَدٍ مَيِّتٍ فَأَحْيَيْنَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ كَذَٰلِكَ النُّشُورُ
Аллаһ— шамал жиберген Зат! Шамал булуттарды козгогондо, Биз аларды өлүк (кургак) шаарга айдап барып (жамгыр-жаадырып) аны менен өлүк жерди тирилтебиз. Кайра тирилүү да ушундай
مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعًا ۚ إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ ۚ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۖ وَمَكْرُ أُولَٰئِكَ هُوَ يَبُورُ
Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллаһка таандык.! Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет
Load More