Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #40 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ نَارُ جَهَنَّمَ لَا يُقْضَىٰ عَلَيْهِمْ فَيَمُوتُوا وَلَا يُخَفَّفُ عَنْهُمْ مِنْ عَذَابِهَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي كُلَّ كَفُورٍ
Ал эми, каапыр адамдар үчүн тозок оту(нда күйүү) бар. Аларга өлүм да берилбейт, өлүп (кутулуп) калгыдай. Алардан тозок азабы жеңилдетилбейт. Биз ар бир каапырга мына ушундай жаза беребиз
وَهُمْ يَصْطَرِخُونَ فِيهَا رَبَّنَا أَخْرِجْنَا نَعْمَلْ صَالِحًا غَيْرَ الَّذِي كُنَّا نَعْمَلُ ۚ أَوَلَمْ نُعَمِّرْكُمْ مَا يَتَذَكَّرُ فِيهِ مَنْ تَذَكَّرَ وَجَاءَكُمُ النَّذِيرُ ۖ فَذُوقُوا فَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ نَصِيرٍ
Алар анда өкүрүп-кыйкырып: «О, Раббибиз! Бизди (бул азабыңан) чыгара көр! Эми, мурда жасабаган (сооп) амалдарды жасайбыз!» дешет. (Анан аларга мындай добуш угулат:) «Биз силерге эскерген адам эсине келгидей өмүр бербедик беле?! Жана силерге эскертүүчү-пайгамбар келди эле го! Эми, (азапты) тарта бергиле! Заалым (каапыр) адамдарга жардамчы жок!»
إِنَّ اللَّهَ عَالِمُ غَيْبِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Чынында Аллаһ асмандар жана жердеги кайыптарды Билүүчү. Ал көкүрөктөрдөгү (жашыруун) сырларды да Билүүчү
هُوَ الَّذِي جَعَلَكُمْ خَلَائِفَ فِي الْأَرْضِ ۚ فَمَنْ كَفَرَ فَعَلَيْهِ كُفْرُهُ ۖ وَلَا يَزِيدُ الْكَافِرِينَ كُفْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ إِلَّا مَقْتًا ۖ وَلَا يَزِيدُ الْكَافِرِينَ كُفْرُهُمْ إِلَّا خَسَارًا
(О, момундар!) Ал силерди жер бетинде Өзүнүн халифа-орун басарлары кылды! Кимде-ким каапыр болсо, каапырчылыгы өзүнө зыян! Раббилеринин алдында алардын каапырчылыгы (Аллаһ тарабынан болгон) жек көрүүнү гана көбөйтөт. Каапырларга өздөрүнүн каапырлыгы зыянды гана көбөйтөт
قُلْ أَرَأَيْتُمْ شُرَكَاءَكُمُ الَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُوا مِنَ الْأَرْضِ أَمْ لَهُمْ شِرْكٌ فِي السَّمَاوَاتِ أَمْ آتَيْنَاهُمْ كِتَابًا فَهُمْ عَلَىٰ بَيِّنَتٍ مِنْهُ ۚ بَلْ إِنْ يَعِدُ الظَّالِمُونَ بَعْضُهُمْ بَعْضًا إِلَّا غُرُورًا
Айт: «(О, мушриктер) өзүңөр дуба (ибадат) кылган, Аллаһтан башка «кудайыңарга» карагылачы! Алар жерден эмнени жаратканын мага көргөзгүлөчү! Же алар үчүн асмандарда(гы кээ бир нерселерди жаратууда Аллаһка) шерикчилик барбы?! Же Биз аларга, анын далилдерине таяна турган Китеп бериптирбизби?! Жок! Заалымдар бири-бирине (далил-чындыктарды эмес) жалганды гана убада беришкен»

Choose other languages: