Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Translated in Kyrgyz

طه
Та—ха
مَا أَنْزَلْنَا عَلَيْكَ الْقُرْآنَ لِتَشْقَىٰ
(О,Мухаммад!) Биз сага Кураанды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк
إِلَّا تَذْكِرَةً لِمَنْ يَخْشَىٰ
Тескерисинче, (Аллаһтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк
تَنْزِيلًا مِمَّنْ خَلَقَ الْأَرْضَ وَالسَّمَاوَاتِ الْعُلَى
(Бул Кураан) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат — Аллаһтан түшкөн
الرَّحْمَٰنُ عَلَى الْعَرْشِ اسْتَوَىٰ
(Ал—) Рахман, Арштын үстүнө көтөрүлдү“
لَهُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَمَا تَحْتَ الثَّرَىٰ
Асмандардагы, жердеги нерселердин бардыгы жана жер астындагы нерселер дагы бир Өзүнүн гана мүлкү
وَإِنْ تَجْهَرْ بِالْقَوْلِ فَإِنَّهُ يَعْلَمُ السِّرَّ وَأَخْفَى
Эгер сен ашкере сүйлөсөң да (шыбырап сүйлөсөң да) Ал бардык купуя сырларды билет
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ لَهُ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَىٰ
Аллаһ.., эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар
وَهَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ مُوسَىٰ
(О, Мухаммад!) Сага Мусанын окуясы жетти беле
إِذْ رَأَىٰ نَارًا فَقَالَ لِأَهْلِهِ امْكُثُوا إِنِّي آنَسْتُ نَارًا لَعَلِّي آتِيكُمْ مِنْهَا بِقَبَسٍ أَوْ أَجِدُ عَلَى النَّارِ هُدًى
Бир кезде ал (алыстан) от(тун шооласын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде (жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» -деди
Load More