Quran Apps in many lanuages:

Surah Yunus Ayah #24 Translated in Kyrgyz

إِنَّمَا مَثَلُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا كَمَاءٍ أَنْزَلْنَاهُ مِنَ السَّمَاءِ فَاخْتَلَطَ بِهِ نَبَاتُ الْأَرْضِ مِمَّا يَأْكُلُ النَّاسُ وَالْأَنْعَامُ حَتَّىٰ إِذَا أَخَذَتِ الْأَرْضُ زُخْرُفَهَا وَازَّيَّنَتْ وَظَنَّ أَهْلُهَا أَنَّهُمْ قَادِرُونَ عَلَيْهَا أَتَاهَا أَمْرُنَا لَيْلًا أَوْ نَهَارًا فَجَعَلْنَاهَا حَصِيدًا كَأَنْ لَمْ تَغْنَ بِالْأَمْسِ ۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
Чынында, дүйнө жашоосунун (лаззат-кооздуктарынын) мисалы - Биз асмандан түшүргөн сууга (жана ошол суу менен жер кооз болуп калганда бир апаат менен жок болуп калганга) окшош: (оболу) ал суу менен адамдар жана айбандар жей турган жер өсүмдүктөрү аралашып, (суу алардын тамыр-денесине сиңип) жер көркүнө келип, кооздоно жасанганда, жер элдери “Биз жер үстүндө кудуреттүүбүз” деп калышты. (Ошондо гана) түндөсү же күндүзү жерге Биздин буйругубуз (азабыбыз) келип, аны кечээ гана дөөлөттүү болбогон сыяктуу кыйратып койдук! Биз пикирин иштеткен адамдарга аяттарды ушинтип баян кылабыз

Choose other languages: